Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 31.01.2016 12:40

Жергиликтүү жетекчини шайлай албай айылдык кеңеш 3 ирет тараган Жумгалдын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды (фото)

Turmush -  Бир нече жолу айыл өкмөт башчысы шайланбай, айылдык кеңеш 3 ирет таркаган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүндө шайлоо болуп өттү. Аймактык кабарчы билдиргендей, 29-январда өткөн шайлоого айылдык кеңештин 11 депутаты катышты.

Айыл өкмөттүн башчылыгына 3 талапкер чыгып, көпчүлүк добушка Элмира Мамбетова (6 добуш) ээ болду.

Эльмира

Э.Мамбетова 1968-жылы Көк-Ой айылында туулган. Буга чейин банк тармагында 29 жыл эмгектенип, анын 13 жылында директорлук кызматты аркалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×