Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2016 08:23

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын бөлүм башчысы К.Түнтеев мектеп директору болуп дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы орто мектебинин директору болуп кечээ, 8-февралда Карымшак Түнтеев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев кол койду, деп маалымдалды райондук билим берүү бөлүмүнөн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, буга чейин мектеп директору болуп иштеп келе жаткан Эльмира Асанбекова ага жакын жайгашкан «Жоогазын» бала бакчасынын жетекчилик кызматына которулган.

К.Түнтеев 1960-жылы Чаек айылында туулган. Буга чейин райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеп келген.

Эмгек жолун 1984-жылы М.Алыбаев атындагы орто мектебинде тарых мугалими катары баштаган.

1996-1997-жылдары Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы орто мектебинде директор, 1997-2000 жылдары райондук билим берүү бөлүмүндө методикалык адис, 2001-2010-жылдары райондук администрациясында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 2010-2016-жылга чейин райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы кызматтарын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×