Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2016 08:40

Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси болуп С.Султанова дайындалды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси болуп Султанова Салтанат Аралбаевна дайындалды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, буга чейин башкы дарыгер катары жетекчи болуп келген Садырбек Чыныбаев Саламаттыкты сактоо министринин №4 буйругу менен КР Эмгек кодексинин 55-беренесине ылайык, 2015-жылдын 15-январынан тарта финансылык жана тескөө документтерине биринчи кол коюу укугу менен дайындалган.

Жаңы дайындалган С.Султанова 1966-жылы туулган, кесиби педиатр.

Эмгек жолун 1989-жылы Ысык-Көл облустук ооруканасынын №1 балдар бөлүмүндө баштаган. Андан соң 1990-жылы Жумгал аймактык ооруканасында аймактык педиатр, 1994-1995-жылы ушул эле ооруканада участкалык педиатр, 1999-2000 жылы тери ооруларын алдын алуу дарыгери, 2000-2002-жылдары участкалык педиатр, 2002-2013-жылы директордун орун басары болуп эмгектенген.

2013-2014-жылы райондук СПИД лабораториясында лаборант, 2014-2016-жылдын январь айына чейин директордун орун басары болуп иштеген. Ал эми директорлук кызматка ушул жылы 21-январда бекиди.

С.Султанова саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, облустук, райондук бийликтин ардак грамоталарынын ээси, саламаттыкты сактоонун отличниги жана 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×