Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 09.02.2016 14:24

Жумгалдын жаш активисттери мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесипти туура тандоого багыт берүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун жаштар борборунда «Биз билимди туура тандайбыз» деген темада окуу уюштурулду. Бул тууралуу жаш активист Нияз Азизов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, жаштар борборунда өткөн окууга орто мектептердин активдүү окуучулары жана бул жылы орто мектепти аяктай турган бүтүрүүчүлөр катышты.

Окуунун жүрүшүндө кесипти туура тандоо жана тандаган кесипке ээ болуу үчүн кайсы сабактарга басым жасоо керектиги туурасында талкуу болду.

Ар бир окуучу келечекте кайсы кесипти тандай турганы айтылып, аларга бул багытта кеңештер берилди.

Окууну Германия эл аралык кызматташтык уюму каржылады. Тренингди аталган уюмдун 10 айлык курсунда окуп жаткан Нияз Азизов менен Эрмек Айдралиев өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×