Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 10.03.2016 16:30

Жумгалдын Миң-Куш айылындагы окуучулар орус тили сабагы боюнча райондук олимпианын жыйынтыгына нааразы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучулары орус тил сабагы боюнча предметтик олимпиаданын райондук турундагы жыйынтыктарга нааразы. Бул тууралуу ата-энелер Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, А.Ибраимов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айдина Кубакаева мектептеги, райондогу жана облустук турда орус тили предмети боюнча 1-орунду ээледи.  Бирок нааразы болгон тургундар А.Кубакаева 1-классынан 11-класска чейин Бишкек шаарындагы мектептин орус классында билим алган деген жүйөө менен бул сынакты адилетсиз өттү деп эсептейт.

«Айдина 1-классынан тартып орус класста билим алгандыгына карабастан Миң-Куштагы кыргыз тилдүү А.Ибраимов атындагы орто мектепте билимин улантууда. Айылда орус тилдүү Крупская атындагы орто мектеби да бар. Билим алуусуна албетте каршы эмеспиз. Болгону орус тил сабагынан олимпиадаларга катышып, биринчиликке адилетсиз жол менен жетишкендиги бизди өкүндүрөт. Орус тилди үйрөнүп, өркүндөтүүгө дилгирленип жаткан балдарыбыздын канаты кайрылгандай абалда калды.

10 жыл орус мектепте билим алып, кыргыз класстагы окуучулардын арасында өткөн олимпиадага катышканы туура эмес деп эсептейбиз», - деди ата-энелер.

Жергиликтүү активисттер райондук билим берүү бөлүмү, мектеп директору, мугалимдер жамааты билим деңгээлин жакшы көрсөткүчтө көрсөтүү үчүн ушундай кадамдарга барууда деп сыпатташууда.

«Мунун барын ким көзөмөлгө алат? Балдарыбыздын билимге умтулуусуна, келечектин өсүүсүнө ушундай кайдыгерликтер жана алдамчылар бут тосо береби?» , - дешти активисттер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×