Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 15.03.2016 11:38

Нарындагы «Салбурун» фестивалында кыз-келиндер да жаа атышты (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын районунун Алыш айылында 12-13-мартта өткөн «Салбурун-2016» фестивалында айымдар да ат үстүндө жаа атышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Фестивалда жерден жаа атууда Азамат Акунов, Эдил Садыгалиев жана Кубан Томотоев мыкты деп табылды. Ал эми ат чаап бара жатып жаа атууда Нурсултан Көлбаев, Таалайбек Бакиев жана Бактыбек Шейшенбиев жеңишке жетишти.

Фестивалдын жүрүшүндө кыз-келиндер да сынактан тышкары жаа атып, мыкты даярдыктарын көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×