Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 31.03.2016 10:20

Кыргыз элинин чий согуу өнөрүнүн сырлары (фото)

Turmush -  Чий согуу – кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнүн бир тармагы катары таанылып келген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жумгал районунун тургуну Айнура Муратова чий согуунун сырлары тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, кеч күздө талаада өскөн чийдин сөңгөгү толук жетилген маалда кыркылып, сырткы кабыктарынан тазаланат. Бул акталган чий деп аталат.

Чий согуу үчүн аралыгы 1,5 метрдей жерге 2 мамыча орнотулуп, үстүнө бир нече жерден муунакталган туура жыгач бекитилет. Жоондугу 3-4 миллиметрдей чыйратылып даярдалган жүн жиптин эки учуна эки сүйрү таш байланып (салмагы чыйратылган жипти үзүп кетпегендей болушу керек), туура жыгачтагы муунактардын үстүнө ортосунан арта салынып коюлат. Ар бир муунак бекитилген жиптин жылышып кетпеши үчүн жасалат.

«Чырмалган чий кош жаак жиптин ортосуна коюлгандан кийин оң жагына таш байланган жиби солго, сол жагы оңго аркы-терки өткөрүлөт. Чий бир сыйра жип менен оролуп бүткөндөн кийин анын катарына кийинки чийлер коюлуп, жип менен бекитилет. Чийдин эки башына жип шыпырылып кетпес үчүн ийрек бастырылат.

Учурда аймактарда чий согуу чынында азайды. Мурда ар бир үйдө чий согулуп, боз үйдүн чийин жасагандар көп болгон», - деди Муратова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×