Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 01.04.2016 10:11

Байзак айылында мугалимдер арасында «Эрке айым-2016» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектепте мугалим айымдар арасында «Эрке айым-2016» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Сынакка аталган орто мектептин мугалимдери катышып, таланттарын көрсөттү.

Жыйынтыгында башкы байгени Гүланда Сатыбалдиева алса, «Ажарлуу айым» наамын орус тил мугалими Нургүл Осмонова, «Намыстуу айым» наамын башталгыч класстын мугалими Мээрим Алмазова ээледи. Ал эми «Акыл карачач» наамын башталгыч класстын мугалими Айзада Токомбаева жеңди.

Жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары менен баалуу сыйлыктар тапшырылды.

32

31

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×