Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 05.04.2016 10:33

Жумгалда алиппе майрамына карата даярдыктар башталды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун аймагындагы орто мектептерде алиппе майрамына карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн маалымдалды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, орто мектептерде окуп жаткан 1-класстын бүтүрүүчүлөрү өз таланттарын, окуудагы ийгиликтерин ата-энелерине жана мугалимдерине даярдалган программанын негизинде көрсөтүп берет.

Алиппе майрамы окуучулар 1-класстан ийгиликтүү кийинки класска көчүп жатканы катары белгиленет. Мындай майрамды райондогу 24 мектепте өткөрүү күтүлүүдө.

Сүрөттөр архивден алынды. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×