Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 21.04.2016 15:10

Жумгалдын Куйручук айылында билим фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы мектепте 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата райондук деңгээлдеги билим фестивалы өткөрүлдү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, бул иш-аракеттер руспубликалык «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында өттү. Ага долбоорго кирген 18 мектептин мугалимдери, ата-энелер жана окуучулары катышты.

Фестивалда мектеп окуучуларынын колунан жасалган китепчелердин, макеттердин көргөзмөсү болду. Ошондой эле китеп тууралуу ырлар көркөм окулду.

Окуучулар китепти даңазалаган көрүнүштөрдү сахналаштырып көрсөтүү менен өздөрү да китептин баасын тереңдеп түшүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×