Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 25.04.2016 11:58

Жумгалдык кыздар Түркиядагы бий фестивалына ийгиликтүү катышып жатат (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылындагы А.Тентиев атындагы мектептин окуучу кыздары Түркиядагы бий фестивалына ийгиликтүү катышып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кыздарды жетектеп барган Айжан Жээнбекова билдирди.

Анын маалыматына караганда, фестивалга 19-апрелде учуп кеткен «Кыялдар» бийчилер тобу учурда Эдирне шаарында. Фестивалга бир катар мамлекеттен тандалган бий топтору катышып жатат.

«Бизди колдоп, демөөрчүлүк кылган инсандарга ыраазычылык билдиребиз. Биздин улуттук бий менен кыргыз кийимдерине кызыккан чет элдиктер абдан суктануу менен сүрөп турушту. Буюрса жакын арада Кыргызстанга кайтабыз», - деди Жээнбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×