Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 26.04.2016 12:26

Жумгалда «Чыңгыз Айтматов жана мен» сынагынын жеңүүчүлөрүнө планшет, жазуучунун 8 томдук китептери тапшырылды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда окуучулар арасында «Чыңгыз Айтматов жана мен» сынагы жыйынтыкталды, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына сынактын уюштуруучусу Бакыт Бейшенбеков.

Анын айтымында, мындай сынак буга чейин Кочкор районунда өткөрүлүп, окуучулар мыктылыгын көрсөткөн.

Аталган долбоор Тарых жана маданият жылына арналып, окуучулардын адабият багытындагы билим деңгээлин жогорулатуу, китеп окууга үндөө максатында уюштурулган.

«Жалпысынан олимпиадага Жумгал району боюнча 21 мектептен окуучулар катышты. Олимпиаданын 1-турундагы тапшырма «Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуп, өзүмө эмне алдым» темасында дил баян жазуу болсо, 2-турунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана өмүр баяны боюнча тесттик тапшырмалар берилди.

Жыйынты менен Айзада Жолдошбекова 1-орунду камсыз кылып, планшет утуп алса, 2-орунду Мээрим Касымалиева камсыздап, Ч.Айтматовдун 8 томдук китебине ээ болду. Ал эми 3-орунду Адинай Эраш кызы жеңип, Ч.Айтматовдун 8 томдук китебин алды.

Ошондой эле катышуучуларга сертификаттар жана Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» китеби белекке берилди. Окуучуларды даярдаган мугалимдерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Долбоор мамлекеттик ишмер Дамира Ниязалиеванын колдоосу менен уюштурулду», - деди Б.Бейшенбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×