Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 04.05.2016 10:09

Жумгалда «Супер келинчектер» аныкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы келиндер арасында «Супер келинчек» сынагы болуп өттү. Айылдагы жаштар комитетинин төрайымы Элмира Өмүрова аймактык кабарчыга билдиргендей, сынакка айылдын жашоочулары — Гүлназ Токтогонова, Сүйүмкан Кооманова, Караколбек кызы Мээрим, Алтынай Эсенгулова жана Перизат Жунушкожоева катышты.

Катышуучулар ар кыл багыттагы өнөрлөрүн, тамак жасоо сырларын, мода жумалыктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди аткарышты. Калыстар тобу тарабынан берилген упайлардын жыйынтыгында «Супер келинчек» наамын Сүйүмкан Кооманова жеңип алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×