Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 10.05.2016 18:37

Жумгал районунун акими болуп А.Сапаров шайланды

Turmush -  Бүгүн, 10-майда Нарын облусундагы Жумгал райондук кошмо жайын райондун акимин шайлады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кошмо жыйындын төрагасы Калыбек Ажыгулов билдирди.

Анын айтымында, шайлоого 112 депутат катышты.

Талапкерлер:

 - Адыл Сапаров;

- Орозбек Жунусалиев;

- Бакыт Женалиев.

Бирок Б.Женалиев өз ыктыяры менен шайлоого чейин талапкерликтен баш тартты.

Жыйында ар бир талапкер өз программалары менен тааныштырып, жыйынтыгында 10 депутат барына каршы болсо, 1 бюллетень жараксыз деп табылды. Ал эми О.Жунусалиевдин талапкерлигин 4 депутат колдосо, А.Сапаров 97 добуш топтоп, акимдик кызматка сунушталды.

Райондук кошмо жыйындын токтому Өкмөткө жөнөтүлдү.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын мурунку башчысы — аким Исагулов Адылгазы Имангазиевич ээлеген кызматынан апрель айында бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×