Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 23.05.2016 18:29

Жумгалдын Байзак айылында көп китеп окуган окуучулар ноутбук, сыналгы жана планшет менен сыйланды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Байзак атындагы китепканада китеп окуу боюнча сынак өткөрүлдү, деп билдирди китепканачы Анара Орозканова.

Анын максаты — келечек ээлери болгон балдарды, өспүрүмдөрдү китеп окууга тартуу жана китепкананын ишин өркүндөтүү менен беделин көтөрүү. Иш-чара Байзак айыл өкмөтү тарабынан каржыланды. Кампанияга 8-11-класстардын окуучулары катышып, 6 айдын ичинде 10 китеп окуп чыгышты.

Жыйынтыгында 1-орунду 11-класстын окуучусу Жайлообек кызы Айпери ээлеп, ноутбук менен сыйланды. Ал эми 2-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Токтобек кызы Наргиза сыналгы менен сыйланса, 3-орунду ээлеген 11-класстын окуучусу Тентиев Жайкар планшетке ээ болду.

Ошондой эле, 4-5-орундарды ээлеген 9-класстын окуучулары Эмилбек кызы Аяна менен Турарбек кызы Асел кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×