Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 07.06.2016 17:39

Жаш талант: Бий дүйнөсүнө 10 жашында келген жумгалдык Данияр өзү түптөгөн топ менен отчёттук концертин берди (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында жаш бийчи Данияр Көлмөбек уулу жетектеген «БЛЮТС» бийчилер тобу отчёттук концертин тартуулап, бийчинин эмгектери бааланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

М.Өмүрканов атындагы маданият үйүндө өткөн концертти эстрада жылдыздары коштоду.

Жаш талант акыркы 2 жылдан бери айылындагы окуучуларга ар кандай бийлерди үйрөтүүү менен алек. 10 жашынан баштап бийге болгон шыгы ойгонгон Данияр учурда 20 окуучуга сабак берип, «БЛЮТС» бийчилер тобун жетектейт.

20 жаштагы Данияр Көлмөбек уулу буга чейин «Жалын» бий тобун түптөп, анда «Кыргыз бий», «Сынма бий», «Жалын бий» жана «Кара-жорго» бийлерин, ошондой эле чыгыш бийлерин окуучуларына үйрөткөн.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×