Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 08.06.2016 18:13

«Ишкердик Жумгал» бизнес форумундагы чоң делегация райондогу ишканалар менен таанышты (фоторепортаж)

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Жумгал районунда «Ишкердик Жумгал» аталышындагы бизнес форум башталды. Форумдун биринчи бөлүгүндө сырттан келген ишкерлер, бизнесмендер жана башка катышуучулар райондо ачылган күнөскана, эмеректерди, курулуш материалдарын жасаган ишканалар, минералдык суу чыгарган завод жана балык чарбалар менен таанышып чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Анын алкагында Байзак айылында жайгашкан «Жумгал Ата» ишканасы өндүргөн курут тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул ишкана БУУнун өнүктүрүү програмасы менен ишке кирген.

Форумга келген 50гө чукул делегация райондун аймагындагы ишканалар менен таанышууну улантат. Бизнес форум эртең, 9-июнда райондун борборунда уланат.

Бул форум жергиликтүү ишкерликти өркүндөтүү, сырткы инвесторлорду тартып келүү жана жумуш орундарын түзүү максатын көздөйт. Анда райондун аймагында өндүрүлүп жаткан таза продукциялар, жергиликтүү ишкерлердин ишмердүүлүгү жана аларды колдоп жаткан долбоорлор тууралуу кеңири талкуу болот.

Ошону менен бирге тажрыйба алмашуу, окуу тренингдер, мастер-класстар өтүп, чакан жармаңке уюштурулат. Ага сырттан 50гө чукул ишкерлер, коңшу Орусия, Индия жана Малайзия өлкөлөрүнөн да меймандар чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×