Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 09.06.2016 10:30

Жумгалдан чыккан дарылык касиетке ээ «Эмел» суусун республиканын аймагына сатуу демилгеленди (фоторепортаж)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айыл аймагында чыгарылып жаткан дарылык касиетке ээ «Эмел» суусун республиканын аймагына сатыкка чыгаруу демилгеленди. Бул тууралуу кечээ, 8-июнда «Ишкердик Жумгал» бизнес форумунун жүрүшүндө белгиленди.

Жергиликтүү жеке ишкер Элиза Көчөрова акыркы 2 жылдан бери «Эмел» газдалган суусун чыгаруу менен алек. Эмел суусун өндүрүү СССР жоюлгандан кийин токтоп калган.

«Учурда күнүнө 200дөн ашык таңгак суу чыгарылат. Буга чейин 1 литрдик бөтөлкөлөргө чыгарсак, азыр 0,5 литр бөтөлкөгө да чыгара баштадык. Суунун 1 литрлик таңгагында 9 даана бөтөлкө болсо, 0,5 литрлигинде 16 даана бөтөлкө чыгарылууда», - деди Көчөрова.

Аталган суусундук учурда райондун аймагында, Нарын жана Бишкек шаарларында сатылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×