Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 21.06.2016 13:04

Жумгалдык педагог А.Ширинбек уулу кайрадан Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кечээ, 20-июнда өттү.

Шайлоонун жүрүшүндө жергиликтүү кеңештеги 11 депутат айыл өкмөт башчылыкка чыккан — Болот Орозобеков менен Аскербек Ширинбек уулунун талапкерлигине добуш беришти. Жыйынтыгында 11 депутаттын ичинен 7 эл өкүлүнүн добушун алган Аскербек Ширинбек уулу айыл өкмөт башчысы болуп 2-ирет шайланды.

Аскербек Ширинбек уулу 1977-жылы Чоң-Дөбө айылында туулган. Педагогикалык жогорку билимге ээ.

А.Ширинбек уулу

Жумгал

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×