Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 23.06.2016 13:23

«Алтын тамга» аттестаты жок Жумгалдагы бүтүрүүчүлөрдүн алды ЖРТден 206 балл топтоду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда кечээ, 22-июнда мектепти артыкчылык күбөлүк менен аяктаган 9-класстын бүтүрүүчүлөрү жана жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 11-класстын бүтүрүүчүлөрү кызыл килемден өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул жылы Жумгал району боюнча 9-классты артыкчылык күбөлүк менен 22 окуучу бүтүрдү. Ал эми, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнөн «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгондор жок.

Жалпы республикалык тестирлөөгө 11-класстын 384 бүтүрүүчүсү катышып, алардын ичинде эң жогорку балл топтогон 3 окуучу аныкталды.

Алар:

- Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов мектебинин окуучусу Айдана Айбекова 206 балл (жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл — 240);

- Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Алишер Калыков 204 балл;

- Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Жоодат Абышов 201 балл топтогон.

Алдыңкы бүтүрүүчүлөргө сертификат менен артыкчылык күбөлүктөрдү райондун акими А.Сапаров тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×