Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 24.06.2016 16:38

Жумгал РИИБдин башчысы болуп подполковник Бейшенбек Токтакунов дайындалды (эмгек жолу)

Turmush -  Жумгал РИИБдин башчысы болуп подполковник Токтакунов Бейшенбек Сүйүнбекович дайындалды. Бул тууралуу Жумгал РИИБ аймактык кабарчыга билдирди.

Б.Токтакунов 1972-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган. 1990-1991 жылдары советтик армияда кызмат өтөгөн. 

Эмгек жолу

- 2000-2008-жылдары Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБде нөөмөт инспектору, аймактык инспектор, ага ыкчам өкүл;

- 2008-2010-жылдары Бишкек ШИИБдин 9-бөлүмүндө;

- 2010-2012-жылдары Ички иштер министрлигиндеги Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө ыкчам өкүл, ага ыкчам өкүл;

- 2012-2014-жылдары ушул эле бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштери боюнча Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын ага ыкчам өкүлү;

- 2014-жылдан 2016-жылдын 30-майына чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Б.Токтакуновдун Жумгал РИИБге жетекчи болуп дайындалышы тууралуу буйрук 30-майда чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×