Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.06.2016 15:04

«Кыргыз көмүр» ишканасынын Кара-Кечедеги филиалынын директору кайрадан алмашты

Turmush -  Жумгал районунун аймагынан кен өндүргөн «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын директору болуп 16-июнда жаңы дайындалган Адылбек Кадыров кызматынан алынды. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Кече филиалынын директорунун милдетин аткаруучу болуп  аталган ишканада эмгектенип жаткан Кадыркан Абдрахманов дайындалды.

Мындай чечимге Кара-Кечени коргоо комитети уюштурган жыйында каралган көйгөйлөр себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×