Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 04.07.2016 13:17

«Айкөл Манас» китеби боюнча соттун чечими күчүнө кире элек, - Жумгал райондук соту

Turmush -  Жумгал райондук сотунун 15-июнда чыккан чечимине ылайык, Муса кызы Бүбү Мариям жазган 10 томдук «Айкөл Манас» китеби экстремисттик деп табылган. Бирок, соттун чечими күчүнө кире элек. Аталган чечим бир айдан кийин күчүнө кирет, деп билдирди Жумгал райондук соту.

Ага байланыштуу Нарын облусунун аймагынан жалпы 43 даана китеп алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Ч.Жусубалиев облустук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча Нарын шаарында 30-июнда өткөн кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, учурда териштирүү иштери улантылып жатат. Ошондой эле, Улуттук илимдер академиясында буга байланыштуу филологиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×