Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 08.07.2016 09:24

Айыл турмушу: Нарындык А.Абакирова бош убактысында кооз асма чырактарды жасайт (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 60 жаштагы тургуну Алма Абакирова ар түстөгү жиптерди катырып, асма чырактарды (люстра) жасайт. Аймактык кабарчы уз айымдын эмгектери менен таанышты.

А.Абакирова нан чыгаруучу чакан ишкана иштетет. Бул тармакта 1978-жылдан бери эмгектенүүдө. Бош убактысын асма чырактарды жасоо менен өткөрөт. Учурда буюртма дагы ала баштады.

«Бул эң жөнөкөй. Түстүү жиптерди жел толтурулган шарикке ороп, клей же катырма каражат чачып, андан соң шариктин желин чыгарам. Жыйынтыгында шарикке оролгон жиптер тоголок көлөмдө болуп катып калат. Аны атайын электр лампага ороп койсом кооз асма чырак пайда болот», - деди Абакирова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×