Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 08.07.2016 18:29

Айыл турмушу: Соң-Көлгө 1 миң тоннага чейин балык өстүрүүгө болот, - балык чарбанын директору (фото)

Turmush -  Соң-Көл көлүнө 2 млн 50 даана балыктын чабактары коё берилди, деп билдирди аймактык кабарчыга «Соң-Көл» балык чарбасынын директору Эрнест Тагаев.

Анын айтымында, Жумгал районундагы «Жумгал балыгы» коомдук бирикмеси менен «Соң-Көл» балык чарбасын чоң ассоциация кылып бириктирүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Соң-Көл» балык чарбасында түстүү форель (радужная форель), сига жана пеллет балыктары багылат.

«Учурда Соң-Көл көлү изилденип жатат. Ысык-Көлгө СССР мезгилинен бери 60дан ашык изилдөө жүргүзүлүп, диссертациялар жазылды. Ал эми, Соң-Көл көлү акыркы 2 жылдан бери изилденип жатат. Изилдөөлөр ушул жылдын күз мезгилинде аяктайт деп күтүп жатабыз.

Соң-Көлдө 1 миң тоннага чейин балык өстүрсө болот. Буга Россия, Казакстандын инвесторлору дагы кызыгып жатат», - деди Э.Тагаев.

Соң-Көлдүн потенциалы абдан жогору экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×