Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 18.07.2016 12:28

Айыл турмушу: Жумгалдык ишкер Сөң-Көлдө балык багып, 700 адамды жумуш менен камсыздоону сунуштайт (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы балык өстүрүүчү цех ийгиликтүү иштеп жатат. Аны 2 жыл мурун түптөгөн жеке ишкер Эрнест Тагаев балык чарба тармагында иштеп келе жатканына 3 жылдын жүзү болгонун аймактык кабарчыга билдирди.

Ал балыктын чабактарын Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өстүрүп баштаган. Учурда форель балыгын сөөктү өстүрө турган азык менен багышса, пеллет балыгы балыр, курттар менен өстүрүлөт. Ошондой эле, сига-лудога балыгын майда балыктар менен азыктандырат.

«Балык негизинен 3 жылдын ичинде товардык багытка жетет. Сөң-Көлдө балык багуу башталса 600-700 адам жумуш менен камсыз болот. Сөң-Көлдүн үстүндө уруктарды чачып, чалгындоо жүргүзүүгө эле 20-30 киши жумуш менен камсыздалат. Андан сырткары инкубация цехинде да бир топ адам иштейт.

Учурда Соң-Көл балык чарбасынын карамагында эч нерсе жок. Союз мезгилинде баары болгон экен. Балык чарба департаменти бизге укук берди, иштегиле деп жатышат. Эми бир нукка салалы деп турабыз», - деди Э.Тагаев.

Э.Тагаев Жумгал районунун Жаңы-Арык (Кызарт) айылына БУУнун өнүктүрүү программасы долбоорунун негизинде балык чарбасына балыктын 6 млн уругун салып багып чоңойткон. Азыр Соң-Көл көлүнө балыктын чарбактарын коё беришти. БУУ менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөндөй, долбоордо өндүрүмдүн 30%ын өздөрү алса, 70%ы Сөң-Көлгө салына турганы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×