Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 26.08.2016 08:36

Айыл турмушу: Миң-Куш айылындагы тигүү цехте мырзалар да тикмечилик менен эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун алыскы Миң-Куш айылында жаңы ачылган тигүү цехинде мырзалар да эмгектенүүдө. Ишкананын жетекчиси Бүбүайым Умурзакова аймактык кабарчыга билдиргендей, тигүү цехи ушул жылдын март айында БУУнун өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандагы радиоактивдүү калдыктар сакталган жайларга жакын жайгашкан калктуу аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоору аркылуу Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан каржыланган. Жалпы 460 миң сомго керектүү жабдыктар алынып, имарат оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Учурда тигүү цехте 6 аял, 2 эркек жумуш менен камсыз болду. Алар кийимдердин түрлөрүн тигип, кыздардын себин даярдап, жууркан-төшөктөрдү жасашат. Жетекчи кошумчалагандай, буюртма бергендердин саны өсүп жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×