Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 29.08.2016 12:16

Айыл турмушу: Уран сакталган Миң-Кушта 60 жыл мурун курулган балдардын искусство мектеби жаңыртылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы балдардын искусство мектеби оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу мектеп директору Жылдыз Алышүкүрова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мектеп мурда музыкалык багытта чектелүү гана билимдерди берсе, 2015-жылдан тартып искусство мектеби макамын алып, кошумча штат менен иштеп баштаган.

Мектеп БУУнун өнүктүрүү программасынын «Кыргызстандагы радиоактивдүү калдыктар сакталган жайларга жакын жайгашкан калктуу аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү» долбоору аркылуу 200 миң сомго оңдолуп, жаңы окуу жылына даяр.

«Мектепте мурда шарт жок болуп, 30 бала гана билим алып келсе, эми 67 баланы кабыл алабыз. Ошондой эле, кошумча штаттар ачылып, 8 мугалим иштеп баштайт. Алар комуз, бий, аккордеон, вокал жана фортепианодон сабак беришет.

Имарат 1960-жылы курулган. Мен 16 жыл директорлук кызматты аркаладым. Жумуштан кетейин деп жаткам. Долбоор ишке ашып калып, дагы салым кошуу үчүн элге иштеп берейин деп чечтим», - дейт Ж.Алышүкүрова.

Бул долбоордун негизги максаты — социалдык-экономикалык инсфраструктураны калыбына келтирүү жана киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү өнүктүрүү аркылуу максаттуу муниципалитеттердин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Долбоорго пилоттук аймак катары Нарын облусунан Миң-Куш айылы, Чүй облусунан Ак-Түз айылы, Орловка шаары менен Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылы кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×