Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 13.09.2016 18:28

Айыл турмушу: 19 жашында айылына депутат болгон Бектен Жумгалга алгачкы мейман үйүн ачты (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айылынын 28 жаштагы тургуну Бектен Кадыров өзүнүн үйүн бардык шарттары бар меймандарды тосуучу үй кылып жасады.

Бектен 19 жашында айылдык кеңештин депутаты болуп, андан кийин мамлекеттик мекемелерде эмгектенген. Кошумча киреше табуу максаты менен бизнес чөйрөсүнө өткөнүн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Юридикалык кесиптин ээси болгон каарманыбыз мейман үйүнө «Тагай» деген ысым берген. Айрым учурларда андагы кардарлар кезек күтүп калышат.

«Айыл жеринде иштин майын чыгара билсе эле жумуш табылат. Туризм, бизнести өркүндөтүү ар бир жарандын өзүнүн колунда. Өзүм юридикалык жактан маалымат берген атайын коомдук фондду жетектейм. Жумушумдан сырткары меймандарды тейлөө, райондун кооз аймактарын көрсөтүү менен алектенем», - деди Б.Кадыров.

Б.Кадыров 3 баланын атасы. Жубайы Ширин Кулова үй кожойкеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×