Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 15.09.2016 08:45

Айыл турмушу: Жумгалдык үй-бүлө балык багуучу көлмө жасап, курут чыгаруучу ишкана ачуу менен жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Замир Абакиров атайын көлмөгө балык бакса, жубайы экологиялык таза сүзмөдөн курут чыгаруучу ишкана ачкан. Ишкер үй-бүлөнүн кожоюну балык багууну атайын долбоордун колдоосу менен баштаганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

З.Абакиров балык багууну 2 жыл мурун баштаган. Учурда амур балыгын багып чоңойтуп, сатып өткөрүү менен киреше табууда.

Ошондой эле, жубайы дагы БУУнун колдоосу менен курут чыгарууга керектүү жабдыктарды алып, ишкана ачуу менен кошумча жумуш орундарын түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×