Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 15.09.2016 10:05

Айыл турмушу: Жумгалдык Б.Жулкунов «Дырылдак» деп аталган унаа курап чыкты (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жумгал айылынын 64 жаштагы тургуну Бекжан Жулкунов айыл чарбасына керектүү «Дырылдак» деп аталган чакан унаа жасады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Устанын айтымында, унааны кураштырууга жарым жылдай убакыт кеткен. Ага эски тетиктер колдонулган. Унаа картошка тигүү үчүн жөөк салып, кум, топурак ташыйт.

«Дырылдакка» СССР учурунда колдонулган тетиктер пайдаланылды. Ошондой эле, «Урал» мотоциклинин кыймылдаткычы, корпусу, дөңгөлөктөрү жана башка тетиктер керектелди. Азыр «Дырылдак» менен картошкага жөөк салам, кум ташыйм. Мунун кубаттуулугу 2 аттын күчүнө барабар. Жакында дагы 4 дөңгөлөктүү кылып чоң унаа жасаганы турам», - деди Б.Жулкунов.

Уста 5 баланын атасы. Жубайы экөө дыйканчылык менен эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×