Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 20.09.2016 14:26

Т.Ашыров «Кыргыз көмүрдүн» Кара-Кечедеги филиалынын директору болду

Turmush -  «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалынын директору болуп Ашыров Таалайбек Тентиевич дайындалды. Бул тууралуу филиалдан кабарлашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кара-Кече көмүр кенинде жумуш башталып, кен тазалоо жана көмүр тартуу иштери жүрүп жатат. Жалпы 20 техника жана 76 жумушчу иш менен алек. Учурда саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери менен айыл өкмөттөргө көмүр жеткирип жатышат.


3
Т.Ашыров 1968-жылы Жумгал районунда туулган. Бишкек шаарындагы Тоо-кен институтунан жогорку билимге ээ болгон.

2
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×