Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 24.09.2016 10:46

Айыл турмушу: Жумгалдык М.Мусаев 535 миң сомго күнөскана куруп, жемиштердин түрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын тургуну Мырзабек Мусаев 535 миң сомго күнөскана куруп, жер-жемиштерди өстүрө баштады.

Райондук администрациянын инвестиция бөлүмүнүн өкүлү Чолпонбек Субановдун айтымында, күнөскана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын көмөгү менен курулду. Анын 362 миң 64 сому уюм тарабынан, 173 миң 877 сом өздүк салым жумшалып ачылды.

«Учурда помидор, бадыраң, калемпир тигилип өстүрүлүүдө. Бул үчүн 3 жумушчу орун түзүлдү», - дейт Ч.Субанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×