Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 04.10.2016 08:50

Айыл турмушу: Э.Чекиров Жумгалдын борборуна алгачкы радио түйүн ачып, 50 сомдон кызмат көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айылынын тургуну Эрнист Чекиров райондун борборуна алгачкы радио түйүнүн ачып, жарнама, кулактандырууларды кабыл алууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Мындай кызматтарды көрсөтүү үчүн иштин башында 25 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталган. 10 күндөн бери жергиликтүү тургундардан ар кыл багыттагы кулактандырууларды, жарнамаларды жана куттуктоолорду кабыл алууда.

«Ушундай радио түйүн ачуу планым бар болчу. Райондун борбордук бөлүгүнө үн жаңыртып туруучу 2 жабдыкты орнотуп, иштеп жатабыз. Документтерин жоготкондор, жумуш издегендер, жумуш берүүчүлөр кайрылып жатат. Ар бир кулактандырууну жарыялоо үчүн 50 сомдон акы алабыз. Жумуш издегендер жумуш таап, жумуш берүүчүлөр жумушчу тапкыча кулактандырууну жаңырта беребиз», - деди Э.Чекиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×