Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 05.10.2016 08:29

Акын жана драматург М.Алыбаевдин колдонгон буюмдары Жумгалдагы мектепте сакталуу (фото)

Turmush -  Акын, драматург жана котормочу Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Учурда инсандын колдонгон буюмдары, ал жаткан керебети анын ысымын алып жүргөн мектептин музейинде сакталуу. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Мидиндин азан чакырып койгон аты Асамидин болгон. 1931-жылы айылдын 7 жылдык мектебин аяктагандан кийин Фрунзедеги педагогикалык окуу жайды, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн. 1936-1938-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин республиканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген.

Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген. 1937-жылы Мидин Алыбаевдин «Бактылуу жаштык» деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге «келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын» деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле.

Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк «Акчүч», «Мидин» жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле, Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор таандык. Анын «Маяковскийге поэзиялык отчет» публицистикалык поэмасы, «Курорттогу окуя», «Жантектин керээзи» аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле, акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин чыгармаларынын мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет.

Акындын кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, атасы карикатураларды мыкты тартчу. Зарема Мидинова дагы кесипкөй сүрөтчү. Ал 2000-жылдардагы «Алиппе» окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур.

Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси коноктор келгенче сейилдеп келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок, ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына катуу сокку жеп, оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап, ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган. Мидин Алыбаевдин табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон.

Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×