Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 07.10.2016 11:47

Айыл турмушу: 53 жаштагы К.Балбакова 26 жылдан бери Кара-Кече көмүр кенинде ашпозчу болуп иштейт (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 53 жаштагы тургуну Канышай Балбакова 26 жылдан бери Кара-Кече көмүр кенинде ашпозчу болуп иштейт. Аймактык кабарчы ашпозчу менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Кече көмүр кениндеги 80 жумушчуга күнүнө 4 маал ысык тамак жасайт. Үй-бүлөсүн ашпозчулук жумушу менен багып келет. Кенде 4 ашпозчу иштейт. Өзү 15 күн иштеп 15 күн бош болот.

«Биз түрлүү тамактарды жасап беребиз. Эртең менен жеңил тамак беребиз. Түштө 2 ирээт тамак. Ал эми кечкиге күчтүү тамактар жасалат. Тамакты мешке бышырабыз. Баардык азыктар тендер менен алынып келинет. Учурда кызматкерлердин тамак-ашка болгон нааразычылыктары жок», - деди Балбакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×