Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 18.10.2016 18:37

Айыл турмушу: 28 жаштагы жумгалдык Бообек интарсия, инкрустация жасоо өнөрү менен айына 50-60 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Бообек Сулайманкулов жыгачтын ар түрдүү шпонунан интарсия, инкрустацияларды мыкты жасайт.

Б.Сулайманкулов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Учурда жыгачтардан жука тилинген шпондорду чаптоо менен портрет, пейзаждык инкрустацияларда жасап жатат. Алардын эң чоңу 3/2 метрге жетет.

«Мындай өлчөмдөгү интерьерлерди кардарлар 50 миң сомдон жасатышат. Андан сырткары, бөлмөнүн ички жасалгасы үчүн эмеректерге да шпондон оймолорду түшүрүп берем. Мындай иштер менен айына орточо 50-60 миң сом киреше табам», - дейт ал.

Интарсия – ичке тилинген жыгачтарды жабыштырып, кол менен сүрөт кураган искусствонун жаңы түрү.

Инкрустация - жыгач, таш же сөөктөн жасалган буюмдун оймолоруна башка материалдан басылган кооздук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×