Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 25.10.2016 18:32

Айыл турмушу: Жумгалдык актриса Ф.Шыгаева санза, хворост жана боорсокту өзгөчө жасаган өнөрү менен таанымал (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Фарида Шыгаева таланттуу айым жана үй оокаттарына тың. 40 жаштагы Ф.Шыгаева райондук К.Акыев атындагы драма театрынын актрисасы. Ал бышырган боорсок, санза сыяктуу нан азыктары даамдуу жана дасторконго көрк берип турат. Таланттуу айым менен аймактык кабарчы маектешти.

Ф.Шыгаева айылдагы той-топурларда буюртма менен нан азыктарын жасап берет.

«Санза, хворостту даярдоо үчүн ун, жумуртка, кумшекер жана сүт азыктары колдонулат. Аларды аралаштырып, даяр болгон камырды лагманга даярдаган сыяктуу чоюп алып, казандагы майга бышырабыз. Аны ирети менен катырып алып дасторконго беребиз. Хворосттун камыры дагы ушундай эле даярдалып, кесмеге кесилгендей кесилет. Бул өнөрлөрдү апамдан үйрөнгөм», - деди Ф.Шыгаева.

Көп жылдан бери маданият тармагында эмгектенген Ф.Шыгаева бош убактысында үй жумуштары менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×