Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 08.11.2016 09:22

Кызарт айылындагы маданият үйү курулгандан бери оңдоло элек (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызарт (Жаңы-Арык) айылындагы М.Акимкожоев атындагы маданият үйү СССР маалында курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул тууралуу айылдын тургуну Мурат Саралаев билдирди.

Анын айтымында, учурда маданият үйүнүн жылуулук системасы иштебейт. Отургучтары жарактан чыгып, чатыры түшө баштаган. Ошондой эле нымдуулугу жогорулап, дубалдар көгөрүп, жарылып жатат.

Имараттын ичинде китепкана, спорт зал, музыкалык билим берүү борбору, музей орун алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×