Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 08.11.2016 10:14

Айыл турмушу: Жумгалдык Б.Оталиев жалаң темирден 7 бөлмөлүү 2 кабат үй куруп жатат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 30 жаштагы тургуну Бекболсун Оталиев жалаң темирден (металлоконструкция) 7 бөлмөлүү 2 кабат үй куруп жатат. Аймактык кабарчы курулуш менен таанышты.

Үй ээсинин айтымында, мындай үй райондун аймагында экинчи жолу салынып жатат. Ушул эле айылдын дагы бир тургуну ушундай үй куруп кирген.

бекболсун темир (15)

«Ушундай курулушту көрүп жактырып калдым. Бул үйдүн долбоорун классташтар социалдык тармактан таап көрсөтүшкөн. Курулуштун архитектурасын, долбоордун макеттерин сатып алып, курулушту баштадык. Учурда курулушчу балдар иштеп жатат. Буюрса 1,5 айдын ичинде үстүн жаап, сыртын бүтүп, ичине кирип калабыз. Эң эле жакшы жагы бардык шартка туруштук бере турган үй болот. Курулушка ылай колдонбойбуз. Жайкысын салкын, кышкысын жылуу болот», - деди Оталиев.

Ал буга катар эле үйдү жылуулоо үчүн роквул (каменная вата) колдонула тургандыгын кошумчалады. Темирлерин алып тургузганы эле 350 миң сом болсо, жакынкы күндөрү ичи-сыртына керектүү материалдарын алганга 1 млн сом сарптайт. Жалпысынан курулушту аяктоого 26 миң доллар кетет.

Бекболсун Оталиев үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

бекболсун темир (1)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×