Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 08.11.2016 11:50

Чаек айылында 1 жумада 150 тонна көмүр сатылды (видео)

Turmush -  «Кара-Кече» көмүр ишканасынын Жумгал районунун Чаек айылындагы көмүр кампасында 1 жумада 150 тонна көмүр түшүрүлүп, 1 тоннасы 2200 сомдон сатылды. Бул тууралуу кампанын жетекчиси Алтын Түлөбаева билдирди.

Анын айтымында, 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин 150 тонна көмүр түшүрүлүп 2200 сомдон элге сатылды. Ал эми Чаек айылынын эли кышта жалпы 1800 тонна көмүр керектейт.

«Учурда унаа жетишсиз болуп жатат. Бул жайга негизинен көптөн эле түшүрүп койсо эл ала берет. Көмүрдү тартып келип түшүргөнүңдү кошкондо эле 545 сомдон түшөт. Анда кароолчу, иштетчү адам, сатуучуга эмгек акы чыгарып бергенде ар бир тоннадан болгону 140 сомдон пайда көрөбүз», - деди Түлөбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×