Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 19.12.2016 12:08

Жумгалда «Супер саячка» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 16-17-декабрь күндөрү «Биздин тилек жаштар менен бирге» деген темада IV жаштар форуму өттү. Анын алкагында окуучу кыздар арасында «Супер саячка» сулуулар сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучу Мирбек Асаналиев билдирди.

Аталган сынактын жеңүүчүсү деп Баш-Кууганды айыл өкмөтүндөгү Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Баялы кызы Толкунай аталды. Ал эми, 2-орунду Чаек айылындагы Мидин Алыбаев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Сайкал Жаныбек кызы багындырса, 3-орунду Түгөл-Сай айыл өкмөтүндөгү Акун Садырбаев орто мектебинин 9-классынын окуучусу Адинай Мыктыбек кызы алды.

Жеңүүчүлөргө Көк-Ой айылынын ардактуу атуулу Рахат Тургунбаевден акчалай сыйлыктар жана теле алып баруучу Мира Шүкүралиеванын сулуулук дүкөнүнөн косметикалык каражаттар тапшырылды.

«Супер саячка» сулуулар сынагына Жумгал районундагы орто мектептердин окуучулары катышкан. Жалпы 18 талапкер ат салышты. Сынактын жүрүшүндө сулуулар өздөрүн тааныштыруу, саламдашуу, уз-чеберчилигин көрсөтүү, улуттук жана заманбап кийимдерди көрсөтүү, обон созуу тапшырмаларын аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×