Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.12.2016 14:06

Жумгалда «Комуз баттл», «Манас баттл» сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланды (фоторепортаж)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун жаштары 16-17-декабрда «Биздин тилек жаштар менен бирге» аталыштагы IV жаштар форумуна чогулушту. Анын алкагында Тарых жана маданият жылына карата маданий сынактар уюштурулду, деп билдирди уюштуруучу Мирбек Асаналиев.

Анын айтымында, маданий сынактар айыл жериндеги маданиятты өркүндөтүү жана улуттук музыкалык аспап болгон комузду даңазалоо, «Манас» эпосун жандантып, манасчыларды алып чыгуу жана улуттук, заманбап бийлерди өркүндөтүү үчүн жаш таланттарды шыктандыруу максатында өткөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө «Супер саячка» сулуулар сынагы, «Этно кийим» чыгыш жана улуттук стилдеги кийимдер көргөзмөсү, «Мен бийчи», «Комуз баттл», «Манас баттл» сынактары өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды. Ошону менен бирге спорттук иш-чаралар камтылды.

Жыйынтыгында «Этно кийим» сынагында 1-орунду Кызарт айылындагы орто мектептин окуучусу Нурида Русланбек кызы, 2-орунду Чаек айылындагы М.Алыбаев орто мектебинин окуучусу Аскат Кулбаков ээледи. Ал эми, 3-орунду Байзак айылындагы А.Молдокеев орто мектебинен Акак Турсунбек кызы жеңип алды.

«Мен бийчи» сынагынан 1-орунду Чаек айылындагы искусство мектебинин «Соң-Көл бермети» тобу жана Байзак айылынан С.Рысмамбетов искусство мектебинин «Кыялдар» бийчилер тобу ээледи. 2-орунду Кызарт айылынан келген «Кызарт» бийчилер тобу, 3-орунду «Көк-Ой» айылынан келген «Көк-Ой» бийчилер тобу алды.

«Комуз баттл» сынагында 1-орунду Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынан Жасмина Букарова, 2-орунду Кызарт айылынан Айзада Жолдошбекова, 3-орунду Байзак айылынан Айдай Алымбек кызы ээледи.

Ал эми «Манас баттл» сынагында 1-орунду Көк-Ой айылынан келген Марлен Асемкулов ээлеп, 2-орунду Кызарт айылынан келген Рамазан Салмоорбеков, Адил Атайбек уулу, 3-орунду Байзак айылынан чыккан Байзак Макеев жана Чаек айылынан Мирбек Элмар уулу ээледи.

Жеңүүчүлөргө Көк-Ой айылынын ардактуу атуулу Рахат Тургунбаевден акчалай байгелер тапшырылды. Уюштуруу иштерине ЖК депутаттары А.Кулбараков, Ж.Турускулов, коомдук ишмер Д.Ниязалиева жана спорттук иш-чараларга райондун ардактуу атуулу К.Казыбеков колдоо көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×