Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.12.2016 19:04

Айыл турмушу: Миң-Куштагы Олег Некрытов намаз окуп, айылда дарыгер болуп эмгектенет (видео)

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 53 жаштагы тургуну Олег Некрытов 24 жылдан бери айылдагы ооруканада дарыгер болуп иштейт. Аймактык кабарчы дарыгерден кабар алды.

Анын айтымында, 1970-жылдан 1980-жылга чейин Миң-Куштагы Киров мектебинде окуган. 1981-1986-жылдары Кыргыз медициналык институтунда билим алган. 1986-1989-жылдары ушул эле медициналык институттун ички дарттарды аныктоо клиникалык кафедрасында ординатураны бүтүргөн. Андан соң, 1989-1992-жылдары Миррахимов атындагы кардиология институтунун интенсивдик терапия жана реанимация бөлүмүндө иштеген.

1992-жылы Миң-Куш айылына келип, ооруканада иштей баштаган. Учурда ооруканада бөлүм башчы болуп эмгектенет. Азыр 5 убак намаз окуп, кыргыз тилинде эркин сүйлөйт.

«Мен ушул Миң-Куш айылында төрөлүп, чоңойгом. Апам Миң-Куш ооруканасында иштеген. Апамдын көзү өтүп кетти. Атам Пётр Некрытов учурда 82 жашка келип калды. Өзүмдүн 5 балам бар. Азыр чоң ата болуп турган чагым. 2 кызым турмушка чыккан, уулум университетте окуйт. Кичүү 2 кызым 2-4 класста окушат. Уул-кыздарым котормочу, тилчи жана туризм тармагында билим алышкан», - деди дарыгер.

Дарыгер кыргыз кызына үйлөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×