Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 20.01.2017 09:31

К.Кыдыралиев Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгынан бошотулду

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу маалымат Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынды.

Тиешелүү буйрукка 4-январда кол коюлган. Учурда билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин бөлүмдүн башкы адиси Кудайберген Чалов аткарып жатат.

Буга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алуу тууралуу жергиликтүү билим берүү мекемелери жана жергиликтүү бийлик тарабынан бир нече жолу арыз-даттануулар жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×