Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.01.2017 09:17

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Кадыров шайланды

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөт башчылыгына Бектен Кадыров шайланды. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Айгүл Токтоналиева билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматка 3 талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында Бектен Кадыров 12 добуш, Рустам Алымкулов 9 добуш, Кенжебек Алапай уулу 1 да добуш алган эмес.

Бектен Кадыров 1988-жылдын 11-августунда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Айылдагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектепти 2006-жылы бүтүргөн.

2006-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 2012-жылы бүткөн.

2012-жылдан 2016-жылдын 4-мартына чейин Чаек айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Учурда «ЛАРК Жумгал» коомдук фондусунун директору жана жеке саякат агенттигинин жетекчиси.

Б.Кадыров 3 баланын атасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×