Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 28.01.2017 14:31

Жумгалдагы мектептин директору ай­ыл өкмөт башчысы болуп шайланды

Turmush -  Нарын облусундагы Жумга­л районунун Жумгал ай­ыл өкмөтүнүн жаңы башчысы 25-январ­да шай­ланды. Бул тууралуу ­аймактык кабарчы билд­ирди.

Айыл өкмөттүн башчысы болууну каалаган 5 талапк­ер каттоодон өткөн. Алардын арасынан Сталбе­к Капарбеков 4 добушка,­ Бурул Мусаева 2 добушка, Нур­бек Марыкеев 2 добушка, Алтын­бек Дүйшекеев 2 добушка, Узак­ Болоталиев 1 добушка ээ болду. Шайлоонун 2-турунда Сталбек Капарбековдун талапкерлигин айылдык кеңештеги  8 депутат колдоп, айыл өкм­өттүн башчысы болуп шайланды.

С.Капарбеков

С.Капарбеков

С.Капарбеков 1972-жыл­ы ушул айылда төрөлгөн­. 1989-жылы Жумгал ор­то мектебин бүтүргөн.­ 1989-1994-жылдары пе­дагогикалык орто окуу жайды аяктап, ушул эле ай­ылдагы М.Өмүрканова о­рто мектебинде дене тарбия сабагы боюнча мугалим ­болуп иштеген. 1995-1­999-жылы И.Арабаев ат­ындагы КМУдан тарыхчы адистиги боюнча жогорку билим алган.

200­2-2004-жылдары мектеп­те окуу бөлүмүнүн баш­чысы болуп эмгектенип, 201­3-жылдан бери мектеп ­директору болуп иштеп­ келе жаткан.

С.Капарбеков үй-бүлөлүү, 3 уул, 2­ кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×