Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 28.01.2017 16:08

Кабак айыл өкмөтүнүн башчылыгына М.Шейшенов шайланды

Turmush -  Кечээ, 27-январда Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчылыгына экинчи жолу Мирлан Шейшенов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган кызматка 3 талапкер ат салышкан. Мирлан Шейшенов 7 добуш, Токтобек Исранов 4 добуш алса, Токтожума Паханов бир да добуш алган эмес.

Мирлан Шейшенов 1973-жылы туулган. Кесиби боюнча ветеринар. 1990-жылы ветеринар болуп иштеп баштаган. 1997-1998-жылдары Жумгал райондук фитосанитардык лабораториясында ветеринар дарыгер болуп иштеген. 1998-жылдан 2007-жылга чейин Жумгал райондук статистика бөлүмүндө эмгектенип, адистен бөлүм башчыга чейин көтөрүлгөн. 2010-жылы Жумгал районунун акиминин 1-орун басары болуп иштеп, 2011-жылы Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×