Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 28.01.2017 16:15

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Ниязбеков шайланды

Turmush -  Кечээ, 27-январда Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 60 жаштагы Кубатбек Ниязбеков шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шайлоодо ал айылдык кеңештин 11 депутатынын 7 добушуна ээ болду. Башка талапкерлер: Сатынбек Макишов 3 добуш, Радикбек Кожомуратов 1 добуш алган. Ал эми Самир Жунусов бир да добуш алган эмес.

Айыл өкмөт башчы болуп шайланган К.Ниязбеков 1957-жылы Кочкор районунун Кара-Суу айылында туулган. 1975-жылы Кош-Дөбө мектебин бүтүп, Советтик армиянын катарында Германияда кызмат кылган.

1976-1978-жылдары совхоздо иштеп, 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы пединституттун математика факультетин бүтүргөн. 1983-1984-жылдары Кочкор суу курулуш мекемесинде курулушчу, 1984-1991-жылдары Жумгалдагы Кызарт айылындагы А.Идинов мектебинде бөлүм башчы, 1994-2012-жылдары райондук профсоюздун төрагасы болуп иштеп, 2012-2014-жылга чейин борбордук Кыргызстан профсоюздар уюмунда эмгектенген. 2015-жылдан тартып Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов атындагы мектепте директор болуп штеп келген.

К.Ниязбеков үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×