Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 21.03.2017 17:10

Чаекте Нооруз майрамынын алкагында улуттук кийимдер даңазаланды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында Нооруз майрамы белгиленип, анын алкагында улуттук кийимдерди даңазалоо боюнча салтанаттуу жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мекеме кызматкерлери улуттук кийимдерди кийип, жөө жүрүшкө чыгышкан.

Ошондой эле, майрамдык иш-чара спорттук оюндар, кароо-сынактар, театрлаштырылган концерттик программа менен коштолду. Майрамга келген элге сүмөлөк, көжө таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×